Вич спид оорусунун белгилери
Бүгүн биз 21-кылымдын чумасы болгон СПИД жана ВИЧ жонундо маалымат берип кетмекчибиз. Келгиле анда шашпай, төкпөй-чачпай атып берели, муну билип алуу ар бир адамга керек.
Айыкпас оорулардын бири бул ВИЧ/СПИД оорусу. Бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү болуп, даарысы бүгүнкүгө чейин жок. Ушу себептен БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) тарабынан 1988-жылдан тарта 1-декабрь Буткул дуйнолук СПИДке каршы курошуу куну деп белгиленип келет (бул күн жөнүндө өзүнчө макалабыз бар, ылдый жакка шилтеме берилет).
ВИЧ деген эмне?, оору жонундо айтсак көп адамдар ВИЧ менен СПИД оорусун бир оору деп эсептешет, бирок ал андай эмес. Ким ооруп калышы мүмкүн, жана жуктуруп албоо үчүн кандай чара көрүү зарыл? ВИЧ - орус аббревиатурасынан 1 келип, "вирус имуннодефицита человека" деп чечмеленелет, кыргызчасы "адамдын имуннодефицит вирусу" (АИВ). Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИД оорусун пайда кылат. Натыйжада адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай, каза болот.
СПИД деген эмне? чечмелениши "синдром приобретенного иммуно дефицита", кыргызча которулушу "кабылданган иммун жетишсиздик синдрому" (КИЖС).
Иммунитет бул ар кандай зыяндуу бактерия жана вирустардан коргоочу адам организминин системасы. ВИЧ иммунитетти басаңдатып, организм түрдүү ооруларга чалдыгып, адам ооруйт. Натыйжада иммунитет өтө төмөндөп СПИД оорусу пайда болот.
Бүгүнкү күндө ВИЧ инфекция менен күрөшүүгө болот, аны антиретровирустук терапия менен дарылайт. Анын ичинде ВИЧ болгон кош бойлуу айымдардын балдарын дагы дарылоо болот. Анти ретровирустук терапия ар бир өлкөнүн анын ичинде Кыргызстанда да өз жарандары үчүн акысыз жүргүзүлөт.
ВИЧ/СПИД кандай жолдор менен жугат ВИЧти жуктуруп алуу жөнүндө көптөгөн маалыматтар айтылып келет, бирок аталган оору 3 жол аркылуу гана жугушу мүмкүн, жыныстык, ийне, энеден балага. Негизи, ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.
ВИЧ кандай учурда жукпайт Презерватив колдонуп жыныстык канашка барганда, тиричилик жашоодо саламдашып, бирге тамактанганда, аба аркылуу же жөтөлгөндө, өбүшкөндө, кучакташканда адистер жукпайт дешет.
ВИЧ/СПИДден кантип сактануу керек Жыныстык катнашта презерватив колдонуу, баңги заттан алыс болуу, бир гана адам менен мамиле түзүү. Презерватив бир гана ВИЧ/СПИДден сактабастан башка көптөгөн жыныс ооруларынан сактайт. Албетте, ВИЧ/СПИД оорусун алдын алуу ар бир жарандын жеке милдети же парызы десек ашык болбос. Ал эми каттоодо турган бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.
ВИЧ/СПИДдин белгилери же кантип билсе болот Оорунун белгилерин бир гана жол менен аныктоо болот, ВИЧ инфекциясына кан тапшыруу керек, ал үчүн каалаган ВИЧ/СПИД борборуна барып анализ тапшыруу зарыл, негизи бул иш-чара акысыз жүргүзүлөт, ал эми жеке ооруканаларда албетте, акы төлөм алынышы мүмкүн. Ооруну сыртынан же кандайдыр бир белгилер менен билүү мүмкүн эмес. Бирок вирус жуккандан кийин, ал түрдүү ооруларга жол ачат. Эгер адам көп-көп ооруп баштаса, анализ тапшырып коюуу ашык болбойт.
Учурда бул оору менен кармашкандардын саны 47 миллионго жетти (2016). Биздин өлкөдө 2016-жылда алынган статистикалык маалыматка таянсак 6554 адам ВИЧ инфекциясына кабылган. Ал эми каттоодон өтпөгөндөрдү эске алганда болжолуу бул сан 15-20 миң адам болушу мүмкүн.
Республикалык СПИД борборунун 2016-жылкы расмий маалыматы боюнча: Бишкек шаарында - 1029 адам Ош шаарында - 996 Облустар боюнча: Ошто - 1247 Жалал-Абадда - 775 Баткенде - 164 Ысык-көлдө - 172 Нарында - 120 Таласта - 95
ВИЧ/СПИДден жабыр тарткан адамдардын организми гана жабыркабастан, инсандын ички дүйнөсүнө дагы зыян алып келет. Мындай адамдын психологиясы өзгөрөт. Бүгүнкү күндө СПИДди дарылоо мүмкүн болбогондуктан, күн сайын оорулуулар саны өсүүдө. Буга байланыштуу ар бир инсан ооруну жуктуруп алуудан сактанса, ал анын жеке коомго кошкон салымы болоор эле.
ВИЧ инфекцисы менен жашап келе жаткан адамдар 2018-жылдын маалыматтары боюнча, көптөгөн америкалык белгилүү адамдар антиретровирустук терапия кабыл алышып, бүгүнкү күнгө чейин жакшынакай жашап келишет:
- Ирвин “Мэджик” Джонсон, белгилүү баскетболчу - 59 жашта ВИЧти жуктурганына 20 жылдан ашкан (2018).
- Чарли Шин, голивуд актеру - 53 жашта, ВИЧти жуктурганына 9 жыл болгон (2018).
- Джерри Герман, актактуу бродвей мюзиклдардын автору - 87 жашта, ВИЧке кабылганына 33 жыл болду (2018).
- Ларри Крамер, жазуучу, сценарист, 81 жашта, ВИЧ менен ооруганына 30 жыл болду (2018).
- Грег Луганис, спортсмен, сууда сүзүүчү, 58 жашта, дартка кабылганына 30 жыл болду (2018).
ВИЧ/СПИД менен жабыркаган адамдарга кандай мамиле жасоо керек Албетте, бул оорунунун купуялуулугун сактоо абдан маанилүү, ооруканалардагы дарыгерлерге купуялуулукту сыртка чыгарууга мыйзам тарабынан тыюуу салынган. Бирок, кээде адамдын дарты кандайдыр бир себептер менен ачыкка чыгып кеткен учурлар болот. Мындай учурда, кырдаалды ого бетер курчутпай, ар бир адам жоопкерчиликтүү болуш керек. Анткени, ооруган адам ансыз деле начар абалда болуп, биздин ар бир айткан сөзүбүз андай адамдын ден-соолугуна ого бетер зыян келтирип, ал гана эмес, өлүмгө учуратышы мүмкүн. Эгер, адам ооруга кабылганын өзү айтып жатса, андай адамга өтө кылдат мамиле жасап, ар бир айткан сөздү талдап сүйлөө керек. Аябай боор тартуунун дагы кереги, антпесе, адам өзүн байкуш сезет. Адамдан "оорукчан" экен деп качуунун дагы кереги жок, анткени, айтылгандай эле, оору сүйлөшкөндө, өбүшкөндө, кол кармашканда жукпайт. Оору менен күрөшүүгө чакыргыла, ВИЧ менен көп жылдар бою жакшынакай жашап келе жаткан адамдар жөнүндө эсине салып койгула. Досторуңарга, жоро-жолдошторунарга маалыматты жайылтпагыла. Бирде болбосо да, кээ бири билбестиктен же атайылап кемсинтип коюуусу мүмкүн.
Антиретровирустук терапия деген эмне ВИЧ жонундо маалымат айтууда дарылоо жөнүндө айта кетели. Айтылгандай эле антиретровирустук терапия (АРТ) менен ВИЧ инфекцияны атайын даары каражаттары аркылуу көбөйүүсүн басаңдатат. Дарылар вирусту өлтүрбөйт, болгону басаңдатат. Вирустун өнүгүүсү төмөндөгөндө, ВИЧ оорусунун дагы өнүгүп-өрчүүсү төмөндөйт.
ВИЧ инфекциясынын вирустары көбөйүп бөлүнө баштаганда, анын жаңы копиялары мутацияланган болушат, алгачкы вирустан айырмаланып турат. Кээ бирлери АРТ даарыларын кабыл алып жатканда деле мутациясын уланта берет. Мындай учурда даары жардам бербей калат. Бул даарыга болгон "резистентүүлүк" деп аталат, башкача айтканда даарыга каршылык көрсөтүү мүмкүндүгү пайда болот. Бир дары каражатын колдонгондо, вирус организмде өзүн жеңил сезет десек болот. Эгер дароо эки даары колдонсо мутация эки даары менен бир мезгилде күрөшүүгө мажбур болот. Үч даары колдонгондо, мутациянын пайда болуусу өтө төмөн болот. Ушуга байланыштуу учурда антиретровирустук терапия дароо 3 даары менен жүргүзүлөт.
Миграция жана ВИЧ Учурда көптөгөн адамдар миграцияга чыгышып, ВИЧ инфекциясын чет өлкөлөрдөн жуктуруп алышууда, же тескерисинче ВИЧ инфекциясы менен башка өлкөгө барып ал жакта иштеп жаткандарга зыян келтирүүлөр аз эмес. Айрыкча кыргыз жарандары Россия өлкөсүнө көп барышат. Россияга же, деги эле башка өлкөлөргө чыгууда эмнелерди билип алуу керек?
Россияга же көптөгөн башка өлкөлөргө келгенде сиздин ВИЧ инфекцияңыздын жоктугу жөнүндөгү анализдерди талап кылышат. Бүгүнкү күндө Россия мамлекетинде ВИЧ менен ооругандардын саны 850 миңден ашык (2016), саат сайын 11 адам дартка кабыл болот.
ВИЧ инфекциясы дүйнөдөгү жуктуруп алуусу боюнча 5-орунда турат. Украина, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Молдова, Азербайжан, Армения мамлекеттеринен Россияга келген мигранттар арасында 2015-2017-жылдары 15 миң адам ВИЧ инфекциясы менен катталган. Башка өлкөлөргө барганда жыныстык катнаштан колдон келишинче алыс болуу керек. Россиянын мыйзамына ылайык ВИЧ инфекциясы бар адамдарга жумуш патент берилбейт, берилген патент жараксыз болот. Ушу себептен каалаган адамды Россиядан департация кылышы мүмкүн.
Россияда ВИЧ инфекциясын билүү максатында каалаган клиникага акысын төлөп кайрылса болот. Ал эми акысыз анализди атайын СПИД оорусуна каршы борборлордо билүү мүмкүн. Россияга чыгуунун алдында, бардык анализдерден өтүп алсаңыз ал жакта жеңилирээк болот, анткени бул адамдын убактысын жана акчасын үнөмдөйт. ВИЧ жонундо маалымат ушундай достор, дагы сизди кызыктырган суроолор болсо жазып койгула.
Аббревиатура - бул сүздөрдүн шарттуу кыскартуулары, мисалы: КИЖС - кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому.
- >Негизги темалар
- >Ден соолук жана сулуулук
- ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
- Соңку билдирүүлөрдү кароо
ВИЧ/СПИД жонундо так маалымат. ВИЧ/СПИД жонундо так маалымат.
- Активист
- Тайпасы: Кыймылы жок
- Билдирүүсү: 1 244
- Катталган: 24 Февраль 13
- Соңку аракети: 01 Авг 2018 12:21
Кандайсынар туугандар!
Админдерден бул теманы очурбошун, башка темаларга кошпошун ото суранат элем себеби бул 21 кылымдын каарду вирусун ар бир Кыргызстандык билууго тийиш.
АИВ (ВИЧ) деген эмне?
Бул адамдын имунодефициттк вирусу.
Имундук системада бизди коргоочу армия бар (Т-лимфоциты, хелперы ж.б) жалпак тил мн айтканда ал биздин калканыбыз (щит), ар кандай вирус, инфекция, бактерия ж.б оорулардан биздин организмбизди коргоп турат. ВИЧ вирусу болсо именно ошол бизге калкан болгон клеткаларды жок кылат. Теориядан алсак ВИЧ инфекциясы дени соо адамга жукканда ал имундук системанын функциясын талкалайт да организмди инфекциялардан коргоочу башкармалыгын боштондуруп коет. Акырындык мн адамда имуно жетишсиздик (коргоочу клеткалар максималдык аз) пайда болот да, ВИЧтин акыркы стадиясы СПИДке алып барат. СПИДтин пайда болушу 2-15 жыл аралык.
ВИЧ акыркы стадиясы СПИД бул оорулу адамдын организмде коргоочу клеткалар калбай калат да адамдын организми тышкы инфекция, микроб, бактерия жб оорулардан коргоосуз калат. Мындай учурда туберкулез, малярия, рак ж.б оорулар жугушу толук ыктымал. Аягы адам созсуз турдо коз жумат (жонокой ГРИППтен деле толук ыктымал)
Негизи ВИЧти жуктурган адам эчнерсеге шек келтирбей эл катары журо берет бул 3 айдан 2 жылга чейин созулат. Тоеть адам вирусту жуктуруп алганын билбей журо берет да башакаларга жуктуруп журо берет.
Кандай жолдор мн жугат?
-Незащищенный аналдык, вагиналдык секс
-Колднулган щприц же бритва
-Кан куйгандан донор
-Энеден балага сут аркылуу
-Оорулуу эне торогон учурда балага
-Оральный, миннет секс кылганда
ВИЧтин белгилери
-Ооруну жуктургандан кийин 3-6-9 айлардын ичинде темпиратура 39 чейин которулот
-1-2 жума тынбай ич отот
-Денеге будур ала майда безгектер чыгат
-Баш оору
-Тез арыктоо
-Лимфотический узулдердин чоноюшу
-Тез оору (грип, лихорадка, орви ж.б)
Негизи оорулуу адамдын спермасынды, канында, влагалищадан чыккан суюктук, эненин сутундо жана башка организмнен чыккан суюктук (учук, гной, ирин) ВИЧ вирусу эн коп болот.
Кыргызстандын СПИД борборунда официально ВИЧ мн ооругандардын саны 5,5 мин адамдан ашат. Бул жон гана СПИД борборуна катталгандардын саны. А катталбай ооруну таркатып журо бергендердин саны канча? Кыргызстандын 7 областын айланып ар бир жаранды ВИЧ тестен откоргондо бул сан 100минден ашышы мумкун
СПИД 974 кыргызстандыктын омурун алып кетти. Дуйнодо 35 миллион адам коз жумду.
Негизи 15-49 жашка чейинки жарандар ВИЧти жуктуруп алышы толук ыктымал.
Подозрительный секс кылгандан кийин сосуз турдо ВИЧке каршы тест тапшырып коюшунар кажет.
Негизи ВИЧти жуктуруп алгандан кийин сразу кан тапшырсанар анализ туура эмес, так чыкпайт. Ошондуктан 3-6-9-12 айларда ВИЧке тест тапшырсанар 100% туура чыгат.
Кан тапшыруу ото деле коркунучтуу эмес. Кассага 110сом толойсунор. Венадан кал алат. Эртеси результатка келесинер.
Кыргызстандагы СПИД борбордун дареги. Бишкек шаары, Лагвиненко кочосу 8.
Эсибизде болсун ВИЧти жуктуруп алсак жашообуз бутту, жок уже, артыбызга тукум, туяк улай албайбыз. Акыры олобуз.
Ошон учун сак болололу туугандар.
Спид борбордун врачтары "СПИД мн жашаса болот" деп оорулуларды жоошута берет себеп врачтардын этический кодекси болот. Бирок реально карап коргондо аягы олумго алып келет.
ВИЧ/СПИДке каршы даары дармек дуйнодо чыга элек экенин эсибизге алалы. Чыкса да бизге жетери жить да жить дегендей. Азыр ВИЧ вирусун убактылуу кармоочу терапиялар бар. Ал мн деле копко барбайсын, аягы баары бир олум. Так что куйрукту кысалы, призик колдонолу
СПИД –коркунучтуу дарт
1988-жылдан тартып 1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күн катары белгиленип келет. Мурда көбүнчө Европа мамлекеттери өзгөчө маани берип белгилеп келсе, азыр күнөстүү Азия мамлекеттери да кошулуп, бул датанын маанилүүлүгүн арттырууга чоң салым кошту. Ал тургай өзүбүздүн эле чокусунан ак кар, көк муз кетпеген Ала-Тоолуу өлкөбүздө бул өнөкөт, өлөрман оору кеңири кулачын жайганы көнүмүш иш болуп калгандай көрүнөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги СПИД оорусуна каршы олуттуу деле күрөшкөнү көзгө "жарк" деп көрүнө калган жери жок. Жада калса бул оору боюнча кеңири маалымат таратуу жагынан да аксап турат.
ВИЧ деген эмне?
ВИЧ-адамдын иммун жетишсиздик вирусу (Вирус Иммунодефицита Человека), ал СПИД оорусуна алып келет. ВИЧти СПИД оорусу деп түшүнүү туура эмес. ВИЧ - адамдын организминде пайда болгондон тартып, СПИДге өрчүп кетүү убагы алты айдан тартып, он беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Ага чейин ал организмде билинбей жүрө берет. Ал эми СПИД - иммунитет жетишсиздик оорусунун синдрому болуп эсептелинет. Ал адам баласына гана таандык, коркунучтуу жаңы жаралган жугуштуу оорулардын бири. Акыркы жылдары бир канча мамлекеттерде СПИДге каршы вакциналарды, химиялык препораттарды, дарыларды табуу иштери тынымсыз жүрүүдө. Бир кыйла дары-дармектер практика жүзүндө, дартты жугузуп алгандарды, ооруларды дарылоодо колдонулууда. Бирок, азырынча СПИДди толугу менен алдын-алуучу вакцина жана вирусун биротоло жок кылуучу активдүү, эффективдүү дары-дармектер дагы эле табыла элек. Демек, СПИД адамдын өмүрүнө душман бойдон калууда.
СПИДке каршы вакцина табыла элек
Бул коркунучтуу илдеттин пайда болгону тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келет. Бирок, 1926-жылы биринчи жолу адамга маймылдан жуккан деген аныктама эң көп тараган. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзү боюнча СПИД оорусуна чалдыккандардын саны 60 млн адамдан ашкан. Ал эми көз жумган адамдардын саны 25 млн адамга жеткен. СПИД оорусу менен эң көп ооруган өлкө катары биринчи кезекте Америка Кошмо Штаттары эсептелет. Бул өлкөдө эркектерге караганда аялдардын саны күч. Мисалы Нью-Йорк шаарында бир жылдын ичинде 20 миң наристе ВИЧ оорусу менен төрөлүшөт. Африка өлкөлөрү да АКШдан ашып кетпесе да, кем калышпайт. СПИД оорусуна каршы дары ушул кезге чейин жок деп так кесе айтылып келет. СПИДге чалдыккан адамдын айыгып кеткен учуру да дүйнөдө каттала элек. Бүгүнкү күндө дүйнө окумуштуулары СПИДге каршы 40 вакцинаны сыноодон өткөзүү менен алек. Бирок, ал вакциналардын бири да жакшы жыйынтык берген жок.
Кандай себептерден улам ВИЧ-инфекциясы жугузуп алуу коркунучу бар?
Бизде көбүнчө ВИЧ-инфекциясы негизинен баңгизат, сойкулук, оорулуу энеден наристеге берилүү жолдору аркылуу таралууда. Бул оору азыркы мезгилдеги өтө опурталдуу коркунучтуу дарт бойдон калууда. Ага чалдыккандардын саны да биздин өлкөдө көбөйүп баратканы өкүнүчтүү. Аталган дарттын жайылып жатышына учурдагы миграция жана сойкулуктун күч алышы себепчи болууда деп ойлойм. Биздин маалыматыбыз боюнча болжол менен Кыргызстанда ийне сайынуучу баңгизат колдонуучуларга - 66, 7 пайыз, жыныстык жол менен - 25, энеден балага -2.1, ооруканада - 6.1, белгисиз жолдор менен - 0.08 пайыз болгону аныкталган. Буга чалдыккандардын көпчүлүк бөлүгү же болбосо 73 пайызга жакынын 20-39 жаштагы адамдар түзөт.
СПИДдин алгачкы белгилери кандай?
Ар бир адам кандайдыр бир белгилерден улам ВИЧке чалдыкканын аныктай албайт.
Бирок, ошентсе дагы медицинада СПИДдин ар кандай белгилери аныкталган. Алар салмактын дароо азайып кетиши, кургак жөтөлдүн пайда болушу, температуранын жогорулашы, белгисиз бир себептерден улам уйку суроо, ич өтүү, мурунда жана ооздо кызыл, күрөң тактардын пайда болуусу, депрессия, стресс сыяктуу оорулар болушу мүмкүн. Бирок, мындай белгилерди байкаган соң дароо ВИЧ-инфекциясы бар экен деген түшүнүк болбош керек. ВИЧти мындай белгилерден тышкары анализ аркылуу лабораториялык тестирлөөдөн соң гана аныктоого болот.
Алдын алуу жолдору .
СПИДди алдын алуу боюнча иш-чараларды уюштуруп келген өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын саны бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100гө жакын. Бул коомдук уюмдар ВИЧ СПИДке каршы ар кандай багытта иш алып барышат. Алар көбүнчөсү шаарда жана областардын белгилүү бир аймактарында гана болгондуктан, алыскы мектептердеги окуучулар, жаш улан-кыздар мындай маалыматтан кур жалак калууда. Ошондуктан, ВИЧ СПИД дарты менен күрөшүүнү бир гана медициналык кызматкерлер эле эмес, жалпы коомчулук, жергиликтүү жетекчилер, жаштар бардыгыбыз колго алышыбыз керек. "Жабыла көтөргөн жүк жеңил" демекчи, баарыбыз чогуу аракет кылсак, ошондо белгилүү бир натыйжа чыгарына ишеним артсак болот.
-Негизинен ар бир адам ооруканага жатканда жана кош бойлуу кезинде ВИЧ-СПИДке кан аркылуу анализ тапшырышат. Эгерде аталган илдетке кан тапшырган кезде ВИЧ-инфекциясы чыгып калса, анда ал адамдын үйүнө чейин барып, кимден, кайдан, качан жуктургандыгы боюнча изилдөө жүргүзөбүз. Жакын туугандары, бирге жүргөн досторун да текшерип, анализ тапшыртабыз. Ал адам кайдан жуктургандыгын тактагандан кийин, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгерине өткөзүп беребиз. Андан ары ал адамды ошол бөлүмдүн дарыгери көзөмөлгө алып, өз убагында дарысын ичүүсүн эскертип, кеңештерин берип турат. Эгерде оорулуу адам дары ичүүдөн баш тартса, анда психолог менен сүйлөштүрөбүз. Психолог ал адам менен жакындан сырдашып, эмнеден улам дары ичүүдөн баш тартып жатканын угуп, жакшы кеңештерин айтып өз убагында дары ичүүгө көндүрөт. Андан соң бейтап биздин диспансерге өз убагында келип анализ тапшырып, дары-дармегин алып кетип турат. ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган бейтаптар дайыма биздин көзөмөлдө болот.
Исамидин Омонов, СПИД борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери:
-Бизге ВИЧ-инфекциясын жугузуп алган жарандарды эпидемиологдор алып келишет. Ооруну жуктуруп алган жаранга алгач өз кеңешибизди беребиз. Анткени, бул оору ал адам үчүн катуу запкы болушу ыктымал. Бейтапка ар кандай ойлор келип, коркуу сезими пайда болот. Эгерде кош бойлуу аял ВИЧ-инфекциясын жугузуп алса, төрөй аламбы деген ой кетет, ал эми үйлөнө элек жигит болсо келечекте үй-бүлө кура аламбы деген тынчсыздануу пайда болот. Ошол кезде өз кеңешибизди берип психологго жиберебиз. Андан кийин ал адам жаман ойлордон арылган соң үй-бүлөсүн, жумушун жана дары ичүү убактысын пландап беребиз. Эгерде бейтаптан кургак учук же башка бир оору аныкталып калса, алгач ошол дартты дарылоону баштайбыз. Ал эми кошумча башка оорулардын белгилери билинбесе, ВИЧ- илдетин дарылап баштайбыз. Биз берген дарылар адамдын клеткасынын ичиндеги көбөйүп жаткан вирустарды жок кылып турат. Бирок биротоло вирусту жок кыла албайт. Дары ичип жаткан адам алты айда бир жолу анализ тапшырып, рентгенге түшүп турат. Аталган илдетке кабылган жаран дарыны өз убагында ичип, өз убагында дем алып, өз убагында тамактанышы шарт.
-ВИЧ-СПИД эпидемиясы биздин өлкө үчүн да коркунуч туудурууда. ВИЧ-вирус, АИВ-илдети адамдын иммундук жетишсиздик вирусу. Ал СПИД оорусуна алып келет. ВИЧти СПИД оорусу деп түшүнүү туура эмес. ВИЧ адамдын организминде пайда болгондон тартып СПИДке өрчүп кетүү убагы алты айдан тартып он беш жылга чейин созулушу мүмкүн. Ага чейин ал организмде билинбей жүрө берет. Ал эми СПИД -иммунитет жетишсиздик оорусунун синдрому болуп эсептелинет. ВИЧ-инфекциясы жыныстык катнашта, кан алмаштырганда, тазаланбаган медициналык аспаптарды колдонгондо, кан куйганда, кош бойлуу кезде, энеден балага эмизгенде жана төрөт учурунда жугуусу ыктымал. Ар бир адам кандайдыр бир белгилерден улам ВИЧке чалдыкканын аныктай албайт. Бирок ошентсе да медицинада СПИДдин ар кандай белгилери аныкталган. Алар ич өтүү, арыктоо, дене табынын жогорулашы, кургак жөтөлдүн пайда болушу, депрессия, стресс сыяктуу оорулар болушу ыктымал. Бирок мындай белгилерди байкаган соң дароо ВИЧ -инфекциясы бар экен деген түшүнүк болбой, анализ аркылуу тестирлөөдөн соң гана аныктоого болот. Негизи адам ВИЧ-СПИД илдетине чалдыкканда каза болбойт. Аталган оору менен ооруп жаткан адамга кошумча башка бир оору жугуп калса адамдын иммунитети төмөндөп ал ооруга каршылык көрсөтө албай, организм начарлап, ооруну жеңе албай каза болот.
Мындай дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү жаштар болгондугу өкүндүрөт.Учурда мектеп жашындагы өспүрүмдөргө илдеттин зыяндуулугу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. ВИЧ-илдети менен күрөшүү бир гана медицина кызматкерлеринин милдети эмес. Бул илдет менен жалпы коомчулук бирге күрөшүү зарыл. Ар бир адам өз ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылуусу керек.
Мухамед Диор, психолог:
-Бизге негизинен ВИЧ-СПИД оорусуна чалдыкканын угуп депрессия болуп калган адамдар келишет. Алгач алардын эмнеден улам жугузуп алганын жана эмне болгонун угабыз. Ал адамдын ички дүйнөсүнө кирип, психологиясын толук билүүгө аракет кылам. Дарыны үзбөй ичиңиз, дары ичип эле жашап келе жаткан адамдар арабызда бар деп жакшы сөз менен оорулуунун оюн жакшы жакка бурганга аракет кылам. Зарыл болсо ВИЧ-инфекциясын жуктуруп, дары менен жашап жүргөн адамдар менен кезиктирем. Анткени ал адамда дары менен жашаса болот экен деген ой, ишеним пайда болот. Бири-бирин колдоо, кубаттоо максатында аталган ооруга чалдыккан адамдар арасында тайпаларды түзгөнбүз. Андан сырткары ВИЧ-илдетине кабылгандар боюнча так маалыматтар берилбейт, ар убак сыр бойдон калат. Анткени, маалымат берип койсок, жакын туугандары, достору, тааныштары оору жугуп калбасын деп бөлүп коюшу ыктымал. Ошондуктан ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккандар ар убак көмүскөдө калышат. Учурда жыныстык жол менен жугузуп алгандар көп кайрылышууда. Күйөөсү аялына жугузган учурлар көп.
ВИЧ-вирус, кыргызчасы АИВ-адамдын иммунитетинин жетишсиздик вирусу. Бул вирус адамдын организмине түшкөндө иммундук системаны коргоочу клеткаларды жабыркатат. Тактап айтканда, микробдорду жок кылуу кызматын аткарган атайын клеткаларды жабыркатат.
СПИД-иммундук жетишсиздик синдрому. Бул диагноз ВИЧ-илдетине чалдыккан соң бир нече жылдан кийин коюлат. Бул учурда организмдин коргонуу системасы алсызданып, башка оорулардан коргоно албай калат.
-кол алышканда, кучакташканда,
-душ жана даараткана пайдаланганда,
-чымын-чиркей, курт-кумурскалар чакканда,
-ашкана идиштерин колдонгондо,
-компьютер жана уюлдук телефон менен иштегенде,
-Дарт жөнүндө ар бир адам билүүсү керек. Кандай оору, кандай жол аркылуу жугат.
-Башаламан жыныстык алакадан качуу керек. Бул жол менен ооруну жугузуп алуу ыктымал.
-Ооруканада дарыланууда бир жолу гана колдонулуучу медициналык инструменттерди колдонуу керек.
-Өздүк гигиенаны ар убак сактоо зарыл.
• Ош облусу - 1344;
• Чүй - 2250 жаран.
2017-жылдын 1-октябрына карата Ош облусунун аймагында ВИЧ-инфекциясына чалдыккандар: Кара-Суу району -78; Ноокат -278; Алай - 46; Араван - 45; Өзгөн - 143; Кара-Кулжа - 42; Чоң-Алай - 5 киши.
Дүйнө өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленип келет. “Ден соолук” аттуу берүүбүздүн жаңы чыгарылышы мына ушул күнгө байланыштуу СПИД маселесине арналмакчы.
Алгач медицина жаңылыктары тууралуу:
Кытай. Акыркы бир жыл ичинде Кытайда СПИД оорусуна алып келе турган ВИЧ оорусу менен катталгандардын саны 50 пайызга өстү. Эгерде 2004-жылы Кытайда расмий түрдө 89 миң адам ВИЧ менен катталган болсо, 2005-жылы ВИЧ менен ооруган адамдардын катары 135 миңге көбөйдү. Ал эми бул вирусту аныктто үчүн быйыл 2 миллион гана кытай текшерүүдө өткөн. Эл аралык адистер менен бирге Кытайдын адистери да бул ооруга чалдыккандардын саны мындан да көп экенини айтышууда. Алардын айтымында, бул илдетти аныктоого Кытайдын саламаттык сактоо системасынын начардыгы тоскоолдук көрсөтүүдө. 2003-жылы Кытайда СПИДге чалдыккандардын саны 840миң, деп Кытай бийлиги билдирсе, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму башкача маалыматтарды берди. Алардын билдирүүсү боюнча, ВИЧ менен ооруган адамдардын саны 650миңден ашкан. Ал эми айрым эксперттер инфекцияга чалдыккандардын саны эбак эле миллиондон ашып кеткендигин айтышууда.
Алматы. Казакстанда акыркы 10 ай ичинде ВИЧ оорусуна чалдыккан дагы 747 адам катталды. Алардын 82си СПИД менен ооруйт. ИТАР-ТАСС маалымат агенттиги билдиргендей, бул тууралуу Казакстандын СПИДге каршы жана профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Исидора Ерасилова журналисттерге билдирген. Анын маалыматына ылайык, Казакстанда ВИЧ менен расмий катталган 5362 адамдын 303дө СПИД оорусу аныкталган. Казакстанда ВИЧ-инфекциясы биринчи жолу 1987-жылы катталган.
Эми Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарга кайрылалы.
1-декабрда Бишкекте “Хайятт” мейманканасында “ВИЧ/СПИД жана коомчулуктун адеп ахлактуулугу” деген ат менен биринчи улуттук конференция болуп өттү. Аталган жыйынга президент администрациясынын, парлменттин, өкмөттүн, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Катышуучулар ВИЧ-СПИДди алдын алуу жана коомчулуктагы адеп ахлактуулук маселелерин талкууга алышып, ВИЧ-СПИД маселелсин чечүү боюнча пикир алмашып, өз сунуштарын айтышты. “Мутакалим мусулман аялдар” коомдук бирикмесинин төрайымы Жамал Фронтбек кызы СПИД маселесине көбүрөөк көңүл буруу зарылчылыгын айты:
- СПИД менен күрөшүү маселесин чечүүдө медицина кызматкерлери гана эмес, диний конфессиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү да өз салымын кошушу керек. Менин оюмча, өлкөдө бирдиктүү улуттук бир программа кабыл алыныш керек.
Белгилей кетчү жагдай, жыйындын соңунда ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүүнүн жыйынтыктоочу документи кабыл алынды. Документте белгиленген жоболорду иш жүзүнө ашыруу үчүн Кыргызстанда ВИЧ-СПИДи профилактикалоо маселелерди координациялоо боюнча конфессия аралык консультативдик кенешме түзүү чечимим кабыл алынды.
СПИД адамга кандай жолдор менен жугуп калат? Спидге чалдыккан адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Эгер адамдын организминде спидге тиешелүү белгилер пайда болсо, алгач кайда кайрылуу керек?
СПИД адамдан адамга төмөнкү учурларда жугат: СПИД илдетине кабылган донордун – кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан – бул негизинен баңгилердин арасында, жана СПИД оорусуна кабылган энеден балага кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана эмчек сүтүн берүүдө. СПИД өбүшүүдөн, кучакташуудан жукпайт.
Ал эми СПИДди жуктуруп алган адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Оорунун белгилери дароо билинбейт. Мындай абал айлап, жылдап созулушу мүмкүн. СПИДдин эң негизги белгиси болуп – адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн – иммунитетинин алсызданышы, бузулушу эсептелет.
Илдеттин адамга жугушунун алгачкы белгилери тууралу БУУнун калк менен иштөө фондунун башкы кеңешчиси Айгүл Асанбекова буларды айтты:
- Белгилери көп. Эң башкысы адамда иммунитет бузулат. Ошондуктан адам ар кандай анча деле коркунучтуу эмес оорудан катуу ооруй баштайт. Мисалы, сасык тумоодон, суукка кабылуудан. Адамдын денесинде чоң-чоң жаралар пайда болуп, териде өзгөрүүлөр жүрөт.
Ал эми Глобалдык фонддун СПИДге, кургак учукка, безгекке каршы долбоорун жайылтуу боюнча Кыргызстандын түштүк аймагынын атайын өкүлү Жахангир Өмүрзаковдун маалыматына ылайык, СПИД менен ооругандардын 75-80 пайызы баңгизаттарды сайынгандар.
Жогоруда белгиленгендей, адам алсызданып, кайсы бир жугуштуу оору менен ооруп, андан айыгуусу кыйындап атса, айрыкча көкүрөк оорулары өтүшүп, денесинде жаралар пайда болсо, албетте эң биринчиден адам өзү шектүү жыныстык катнашуудан корголбогон болсо, баңгизатты пайдаланган болсо, дагы башка себеп болор жагдайлар болгон болсо, тез арада шаардык, облустук “СПИД” борборуна барып, канын текшертиши керек. Эгер кандан СПИДдин инфекциясы табылса, кечиктирүүсүз эпидемиологиялык борборго кайрылып, дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткаруусу зарыл.
БУУнун калк менен иш алып баруу фондунун башкы кеңешчиси Чолпон Асанбекова буларды айтты:
- Дарыгер гана сизге туура дарылануунун, туура тамактануунун, эрежелерди сактоонун жолдору боюнча туура кеңеш бере алат. Биз азыр Глобалдык фонддун каржылоосу менен СПИДге каршы абдан кымбат баадагы антиратравирустук дарылоону жүргүзүп жатабыз.
Кыргызстанда ВИЧ-СПИД инфекциясына кабылгандардын өсүшү өлкөнүн социалдык-экономикалык, коомдук өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Учурда Кыргызстанда ВИЧ илдети менен катталгандардын саны 807ге жетти, алардын 52си СПИД ооруусу менен катталып, 44 адам каза болгон. Адистердин айтймында, ВИЧке чалдыккандардын 80 пайызы бул илдетти баңгизатты колдонуу менен ийне аркылуу жугузгандар. Акыркы мезгилде бул илдетти жыныстык жол менен жугузгандардын да саны көбөйүүдө.
ВИЧ-СПИД эпидемиясы учурда Кыргызстан үчүн да чындап коркунуч туудурууда. Статистикалык маалымат боюнча, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата 807 адам ВИЧ илдети менен, алардын ичинен СПИД ооруусу менен 52 адам катталып, 44ү каза болгон. СПИДге кабылгандардын көпчүлүгү бул дартты баңгизатын колдонуу менен ийне аркылуу жугузуп алгандар. Соңку мезгилде бул илдетти жыныстык жол аркылуу жугузгандардын да саны көбөйүп жаткандыгын республикалык СПИД бирикмесинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Айгүл Исмаилова мындайча билдирди:
- Акыркы кезде ВИЧти жыныстык жол аркылуу жугузуу көбөйүүдө. Мындан тышкары кош бойлуу аялдардын да бул илдетке кабылуусу чоң көйгөйдү жаратып жатат. Бардыгы ВИЧ менен 27 аял катталаган, алардын 22си төрөдү. Бул балдар 1,5жылга чейин биздин диспансерде турушат. Ошондой эле бул ооруга көбүнчө жаштар кабылууда.
Аялдарды соодалоонун, сексуалдык эксплуатациянын, баңги заттарын сатуунун өлкөдө өсүп баратышы мамлекеттин келечегине олуттуу кыйынчылыкты алып келиши мүмкүн. Бишкектин көчөлөрүндө денесин соодалап турган кыздарга жылына бир жолу медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. “Таис плюс” бей өкмөт уюмунун ВИЧ маселеси боюнча консультанты Люба Бегалиеванын айтымында, алардын бир жарым пайызы ВИЧ илдетине чалдыкандар.
Кийинки учурда түштүк аймагында СПИД-ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны көп катталууда. Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата каттоо жүргүзүлүп, анда Ош облусу боюнча 379, Ош шаарында 256 адам ВИЧ-СПИД оорусу менен ооругандар катталып, анын ичинен 40 адам көз жумган.
Ош облустук Ден соолукту чыңдоо борборунун деректору Эркегүл Сманалиева СПИД оорусуна каршы ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу буларга токтолду:
- Ошто баңгилердин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу СПИД жана ВИЧ көбөйүүдө. Мектеп окуучулары, жаштар арасында бул илдет көп кездешүүдө. СПИд оорусу – бул эмне, кандай жолдор менен жугат? Мына ушул боюнча иштерди алып барып жатабыз.
Ал эми Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору Нематулла ажы Жээнбеков бул илдеттен сактаныш үчүн коом өзү өзгөрүшү керек деген пикирде.
Бириккен Улуттар Уюмунун адистеринин берген маалыматына ылайык, кылым чумасынын чабуулу Чыгыш Европа жана Борбор Азия мамлекеттеринде тездик менен жайылып баратат. Элдин жумушсуздугу, аракечтик менен баңгилик, баш аламан жыныстык байланыштар бул кара тумоону өрчүшүнө алып келди. Баарынан өкүнүчтүүсү - иммунодефицит илдетине жаштардын улам барган сайын көбүрөөк чалдыгып жатканы.
Эми ВИЧ-СПИД оорусун профилактикалоо жолдору жана өлкөнүн массалык маалымат каражаттары бул илдет тууралуу кандай чагылдырып жаткандыгы тууралуу сөз кылсак. ВИЧ-СПИД оорусуна кабылган адамдардын санын азайтууда, ВИЧтин жылдан жылга өсүү көйгөйүн чечүүдө - алгач коом бул коркунучтуу илдет тууралуу маалым болушуш керек.
Кыргызстандык адистердин айтымында, акыркы жылдары ВИЧ инфекциясына жаш өспүрүмдөр көп чалдыгууда. Айрыкча 15-17 жаштагы өспүрүмдөр баңги заттарын колдонууда жана жыныстык катнашуу учурунда мындай илдеттен сактанууга этият болушпайт деген маалыматты эл аралык уюмдардын эксперттери айтып жүрүшөт. Бул ооруларды алдын алуу иш-чараларын, аракеттерин маалымат каражаттары кандай деңгээлде чагылдырууда?
Дүйнө жүзүндө күн сайын ВИЧ инфекциясын 15 миңдей адам жугузуп алып, 8 миңдей адам СПИДден каза болуп турат. Дүйнө жүзүндө ВИЧ-инфекциясы коркунучтуу жагдай түзгөндүктөн БУУнун демилгеси менен 10дон ашуун эл аралык уюмдар, долбоорлор алдын алуу иш-чараларын көрүп келет.
БУУнун ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү долбоорунун Борбор Азия боюнча координатору Ирина Савченко Кыргызстанда бул илдетти алдын алуу иш- чараларын көрүүдө маалымат каражаттарынын ролун жогору баалады. Ошентсе да илдет менен жаш өспүрүмдөр көбүрөөк ооруп, жылдан жылга эпидемия өсүп баратканын белгилдеди:
- Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү СПИД, ВИЧ эпидемиясынын зыяндуулугун эл-журтка жеткирүүдө салым кошууда. Айрыкча алдын алуу, түшүндүрүү иш-чаралары маалымат айдыңында кеңири чагылдырылса зор натыйжа берет. Айрыкча жаштар үчүн маалымат булактарында көбүрөөк кабарлар берилсе. Себеби, мындай дартка чалдыккандардын басымдуу бөлүгү жаштар болуп жатышы өкүндүрөт.
Бул ооруну алдын алуу үчүн дүйнө жүзүнө таанымал кино, эстрада жылдыздары, коомдук ишмерлер акция өткөрүүнү салтка айландырганын, мындай саамалыктар Кыргызстанда дагы колго алынып, өткөрүлө баштаганын Глобалдык фонддун СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча долбоорунун башкы менеджери Талгат Субанбаев белгиледи:
- Мындай иш-чаралар, акциялар жаштарга таасир берип, бул оорунун коркунучтуу экенин маалымдайт. Кыргыз эстрада жылдыздары Актан Исабаев, Адил Чекилов, Ырыскелди Осмонкулов, “Инсан” тобу жана Александр Войнов баштаган кикбоксчулар, кыргыз спорт жылдыздары ВИЧ-СПИД инфекциясына каршы акцияларга катышууда.
Айрыкча мектеп жашындагы өспүрүмдөргө илдеттин зыяндуулугун таанытууда Борис Шапиронун чуулган жараткан “Сергелең жашоо ыңгайы” аттуу китебинин таасирин таанууга болбостугун адистер айтышууда. Бул илдет тууралуу дагы бир нече китеп жарыкка чыкканын, жогоруда аталган китепти Борбор Азия өлкөлөрү көп нуска менен чыгарып кетишкенин, акыры китепке каршы болгондор каталыктарын түшүнөөрүн “СПИД” бирикмесинин директору Борис Шапиро белгиледи:
- Акыры чындык жеңет. Кыргыз элинде “молдонун айтканын ук, кылганын кылба” деген жакшы макалы бар. Биздин багыт тууралыгын мезгил өзү далилдеп, айгинелеп жатат. Мектепте бул оору тууралуу көп маалымат болсо, андан сактанууга өбөлгө гана болмокчу. Ал түгүл, “Ислам жана СПИД” деген китеп да чыгардык. Мындан башка дагы бир нече китептер чыкты. Бул жаштарга түшүндүрүү үчүн керек.
ВИЧ-СПИД эпидемиясынын алдын алууда, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө маалымат каражаттары дале жеткилең иш алып барбаганын, айрыкча кыргыз тилиндеги маалыматтар телекөрсөтүүлөрдө кеңири чагылдырылбай учкай гана баяндалып жатканын жогоруда аталган долбоордун коомчулук менен байланыш боюнча менеджери Элден Калчакеев белгиледи:
- Былтыр кыргыз тилиндеги маалымат каражаттары активдүүлүк кылса, быйыл орус тилинде чыккан гезиттер, радио-теле берүүлөрдө ВИЧ-СПИД илдети тууралуу кеңири чагылдырылды. Чынында маалымат каражаттары бул илдетти талдоого алган терең мазмундагы таасирдүү макалаларды өтө аз берүүдө. Учкай гана баяндалып, маалымдоо менен гана чектелип калууда. Мындай дарт менен ар бир атуул ооруп калуусу ыктымал, эгерде сактанбаса. Ошондуктан маалымат эл-журтка көп берилип турса дурус болмок. Айрыкча теле берүүлөрдө бул көйгөй аз камтылып жатат.
ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү боюнча маалымат каражаттарынын арасындагы конкурс бир жылга созулса дагы өлкө боюнча 30 журналист гана катышкан. Ошентсе да басма сөздө арбын макалалар жарыялана баштаганын, жаштарга бул илдеттин коркунучтуулугун ачып берүүгө аракет байкалганын эксперттер билдирүүдө. “Эң мыкты социалдык видеотасма” конкурсуна болгону эки облустук телекомпания гана катышкан. Жаңы рубрика, программанын алкагында даярдалган макалалар жокко эсе, журналисттер мурдакы темалар менен гана чектелүүдө, дешет калыстар тобунун мүчөлөрү. Конкурста гезиттерден “Айданек”, “Весть” жана “Жаңы кылым” жеңүүчү деп табылса, Баткен облустук телерадиокомпаниясы жана “Ош-3000” телекомпаниясынын аракети бааланды. Радио берүүлөрү үчүн “Мир”, “Немецкая волна”, “Манас” радиостанциялары байгелүү орундардын ээси болушту. Ошондой эле бир катар журналисттерге сыйлыктар тапшырылды.
Даярдагандар: Мээрим Султангазы, Фатима Абдалова, Мира Аманбаева, Кабыл Макеш
Читайте также: